0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Нарын облусунун Кочкор айылында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды.

Жарыяланган датасы: Июль 1, 2024

             217 батирлүү 5 кабат турак үйдүн мезгил кутучасын Министирлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салды. Иш чарага ошондой эле Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаевдер жана жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышышты.

               Ипотекалык үйлөрдү курууга Кочкор айылынын түштүгүнөн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Бул үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында кезекте турган «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучуларына ипотекага 4 жана 8 пайыздан 15 жана 25 жылдык мөөнөткө берилет.

           Эскерте кетчүүчү жагдай, Президент Садыр Жапаровдун 30-январда кол койгон Жарлыгына ылайык ипотекалык үйлөрдүн курулушуна жер тилкесин жергиликтүү бийлик камсыздайт.