0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 4,4 млрд сомго өстү

Жарыяланган датасы: Июнь 24, 2024

Кыргыз фондулук биржасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акциялары сатылды.

Кыргыз фондулук биржасынында сооданын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акциялары ар бири 100 миң сомдон сатылды. Сатыктын жүрүшүндө 44 726 баалуу кагаз сатылды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баалуу кагаздары менен соодасынын жалпы көлөмү 4 миллиард 472,6 миллион сомду түзүп, бардык сумма компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат. Май айынын аягында Мамлекеттик техникалык компаниянын уставдык капиталы 21 миллиард 792,7 миллион сомду түзгөн. Акцияларды кошумча жайгаштыруудан кийин компаниянын капиталы 26,3 миллиард сомго көбөйөт.

Эскерте кетсек, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК ипотекалык насыялоо жаатындагы жалгыз ыйгарым укуктуу мекеме болуп саналат.