0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

МИК жана ECB консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимге кол коюшту.

Жарыяланган датасы: Май 27, 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 27-май Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания менен Enwan Consultant Bureau (Сауд Арабия) ортосунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду.

Консалтингдик кызматтарга Бишкек шаары, Маликов 91 дарегинде курулуп жаткан «Мурас» турак жай комплексин курулушунун үчүнчү этабынын долбооруна экспертиза жүргүзүү кирет. Аталган объектте курулуштун үчүнчү этабында жалпы аянты 172 206 м2 болгон 24 кабаттуу 17 үйдү куруу пландаштырылууда. Долбоор боюнча жалпысынан 2 256 батир курулат.

Сауд өнүктүрүү фонду насыялык макулдашууга ылайык, 100 миллион доллар өлчөмүндө турак жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга 25 жылдык мөөнөткө 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыя берет. Мамлекеттик ипотекалык компания кредиттик каражаттардын оператору болуп саналат.

Турак жай «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучулары үчүн курулат жана «сатып алуу үчүн ижарага алуу» механизми боюнча төмөнкү багыттар боюнча берилет:

  • Социалдык ипотека;

  • Жеңилдетилген ипотека;

  • Жеткиликтүү ипотека.

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучулары ай сайын ипотекалык төлөмдөрдү төлөп турушат, түшкөн акча каражатты МИК Сауд өнүктүрүү фондуна насыяны төлөөгө жумшайт.