0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Мурас» турак жай комплексинде курулуштун жүрүшү менен таанышып чыкты

Жарыяланган датасы: Май 24, 2024

Бишкек шаарынын Маликов 91 дарегинде курулуп жаткан көп функционалдуу «Мурас» турак жай комплексинде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Биринчи этаптагы 18 кабаттан турган 6 үйдүн курулушу күз айларына, андан соң дагы 5 үй бүткөрүлмөкчү. Учурда бетон иштери аяктап үйдү базальт менен жылуулап, сыртын каптоо иштери жүрүп жатат. Батирлериндин ремонту башталып, алгачкы батирлердин ремонту жүрүп жатат.

 Белгилей кетсек, «Мурас» турак жай комплексинде дээрлик 5миңдей батир 3 этап менен курулат.  Бул үйлөр ипотека алууга кезекте тургандарга 4% жана 8%дан 25 жылдык мөөнөткө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында жарыяланып турган электрондук кезек менен ипотекага берилмекчи.

Эсиңиздерге сала кетсек, май айынын башында ушул эле объектте курулуштун экинчи этабы башталды. Курулуштун экинчи этабында 24 кабаттан турган дагы 11 курулмакчы.

«Мурас» турак жай комплексинин жалпы аянты дээрлик 9 гектарты түзүп ичинде балдар бакчасы, жер астындагы унаа токтоочу жайлары болот. Көп кабат үйлөрдүн цокольный жана биринчи кабатында соода дүкөндөр, тамактануучу жайлар, медициналык мекемелер, аптекалар жайгашат. Ошондой эле турак жай комплексте спорт жана балдар аянтчалары жана башка  жашоого керек болгон баардык шарттар каралган