0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Топтолмо ипотека

Жарыяланган датасы: Май 20, 2024

Мамлекеттик ипотекалык компания РСК Банкы менен биргеликте өлкө Президентинин демилгеси менен «Топтолмо ипотека» жаңы социалдык долбоорун иштеп чыгууда.

Программа мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өлкөдө жашаган жана чет өлкөдө иштеген жарандарды турак жай менен камсыздоого багытталган.

Топтолмо ипотеканын негизги артыкчылыктары болуп эң ыңгайлуу пайыздык чендер жана насыя алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби саналат.

Бул программанын негизги шарты баштапкы төлөмдү топтоо болуп саналат – турак жайдын наркынын 30%. Жаран аларды графикке ылайык ай сайын толуктап, банкта топтойт.

Андан кийин банк ага күрөөсүз турак жайдын баасынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен насыя берет. Калган 50%ды 8% менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 15 жылга алат.

«Топтолмо ипотека» долбоорун расмий ишке киргизүү 2024-жылдын күз айларына пландаштырылган.