0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Маликов 91 дарегиндеги «Мурас» турак жай комплексинде курулуштун экинчи этабы башталды.

Жарыяланган датасы: Май 13, 2024

            Экинчи этапта 24 кабаттан турган 9 үй курулат. Курулуштун биринчи этабында 18 кабаттан турган 11 үйдүн курулушу былтыры жазда башталып, быйылкы жылдын IV кварталында колдонууга берүү пландалып жатат. Учурда курулуш кызуу жүрүп, учурда 3 үйдүн 18 кабаты курулуп, чатырын жабуу иштери башталган. Бир эле учурда үйдүн сыртын базальт менен жылуулап, терезелерди коюп жатышат.

           Келечекте «Мурас» турак жай комплекси Бишкек шаарында жашоого баардык керектүү шарттаары бар абдан ыңгайлуу комплекске айланмакчы. Турак жай комплексте балдар жана спорт аянтчалары, соода дүкөндөрү, коомдук тамактануучу жайлары, спорт жана сулуулук салондор, бала бакча, медициналык клиникалар, жер астындагы унаа токтоочу жайлар ж.б. күндөлүк турмушта керектелүүчү баардык жайлар болот.

         Эскерте кетсек, курулуш монолит ыкмасы менен курулуп, сейсмикалык жактан абдан бекем болуп эсептелет.