ЖАНЫЛЫКТАР
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык турак-жай курууга 79 млн доллар бөлөт
Жарыяланган датасы: Апрель 27, 2024
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев баштаган Кыргызстандын делегациясынын иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда 79 миллион доллар өлчөмүндөгү арзан турак-жай долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Тартылган инвестициялар Кыргызстандын шаарларында жана аймактарында көп батирлүү ипотекалык турак жайларды курууга жумшалат.