ЖАНЫЛЫКТАР
Мамлекеттик ипотекалык компания ачык аукцион аркылуу көп кабаттуу турак үйдүн цоколдук кабатында жайгашкан жайларды сатууга чыгарат.
Жарыяланган датасы: Окт. 26, 2023
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Бишкек шаары, Тунгуч мкр. 6/2 дареги боюнча жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн цоколдук кабатындагы жайларды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт.
Ачык аукцион 2023-жылдын 1 декабрында саат 14:00дө Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1 дареги боюнча өтөт.
Аукцион үч лоттон турат. Ар бир жай боюнча өзүнчө тоорук өткөрүлөт. Бланк алуу үчүн Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1 дареги боюнча кайрылуу шарт.
Аукционго катышуу үчүн 1 000 (бир миң) сом өлчөмүндө кепилдик салымын төгүп, тоорук башталганган чейин катыша турчу лот боюнча өтүнмө жиберүү керек.
1 000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү кепилдик салымын төккөн катышуучу, ар бир лотко өзүнчө өтүнмө жиберүү шарты менен үч лотто тең катыша алат.
1 000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү кепилдик салымы «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК, ИНН:00810201510086, эсептик номур- 1350100027586931, «Айыл Банк» ААК, БИК 135001 реквизиттери аркылуу төлөсө болот.
Аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 30-ноябрында саат 16:00дө аяктайт.
Аукциондун уюштуруучусу: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК.
Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Ч. Айтматов 1 дареги боюнча Сатып алуу жана турак жай фондун башкаруу бөлүмүнө кайрылууга болот: тел. 0553 84 01 21.
Ишкананын аталышы - «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК
Жалпы маалыматтар
Аукционго коюлган жайлар Бишкек шаары, Тунгуч мкр 6/2 дарегинде жайгашкан.
Аянты
1- лот: 1 подъезд 195,5 кв.м.
2-лот: 2 подъезд 179,6 кв.м,
3-лот: 3 подъезд 187,7 кв.м.
Жалпы аянт - 562,8 кв.м.
Келишим боюнча кошумча шарттар
Техникалык абалы: жакшы
Баштапкы баасы
1- подъезд 195,5 кв.м. – 9 885 000,0 (тогуз миллион сегиз жүз сексен беш миң) сом.
2 -подъезд 179,6 кв.м – 9 559 000,0 (тогуз миллион беш жүз элүү тогуз миң) сом.
3- подъезд 187,7 кв.м – 9 990 000,0 (тогуз миллион тогуз жүз токсон миң) сом.
Кепилдик салым - 1 000 (бир миң) сом.
Аукциондук кадамдын жогорулашынын баасы - 100 (жүз) сом.
Аукциондун башталышы – 2023-жыл, 1-декабрь, саат 14:00
Тооруктар өтө турган дарек: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1
Эскертүү
Сатып алуучу:
1. Тиешелүү аймакты санитардык абалдарга жооп бере тургандай жана тийиштүү техникалык абалда кармоого;
2. Сатып алуучунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу жайларды жүк көтөрүүчү конструкцияларга таасир этчү эч кандай капиталдык кайра куруу жана пландоо иштерин жүргүзбөөгө;
3. Мамлекеттик көзөмөл органдарынын жайларга байланышкан колдонуудагы эрежелерин жана ченемдерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга;
4. Турак үйдүн жашоочуларынын укугун бузбоого жана жайларды колдонуу эрежелерин бузбоого милдеттендирилет.