ЖАНЫЛЫКТАР
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы болуп шайланды
Жарыяланган датасы: Сен. 5, 2023
2023-жылдын 5-сентябрында «Мамлекеттик ипотекалык компания» Ачык Акционердик Коомунун Директорлор кеңешинин жыйынында Башкарманын жаңы төрагасы болуп Шыкмаматов Алмамбет Насырканович шайланды.
Ал буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагын жетектеп келген.
Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.
2011-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болуп иштеген.