0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

САДЫР ЖАПАРОВ «ЫНТЫМАК» КОНУШУНДА ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮН МЕЗГИЛ КУТУСУН САЛДЫ

Жарыяланган датасы: Окт. 18, 2024

Бишкек шаарынын Орто-Сай айыл аймагында Байтик баатыр көчөсүндө жаңы «Ынтымак» конушунун курулушу башталды. Президенттин Садыр Жапаров бүгүн турак жай комплекстеги ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутусун салды.

Жердин жалпы аянты 18,9 гектар, 8100 батир, жер астында жана жер үстүндө 6000 унаа токтоочу, 1200 орундуу 2 мектеп, 160 орундуу 4 бала бакча. Турак жай комлексинде көп кабаттуу үйлөрдөн сырткары спорт жана балдар аянтчалары, соода дүкөндөрү, дарыканалар, коомдук тамактануучу жайлар каралып, турмуш тиричиликке керектүү баардык коммуникациялар пландалган.

Үйлөр курулуп бүткөндө «Менин үйүм» турак жай программасынын шарттарына ылайык 4 жана 8% менен 15, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилмекчи.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында 12 миңден ашык көп кабаттуу  үйлөр курулуп жатат. Ал эми жалпы республика боюнча курулушу башталган батирлердин саны 32минден ашат. Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга чейин 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну көздөйт.