NEWS
Талас шаарында 319 батир өз ээлерине тапшырылды
Date of publication: July 24, 2026
Талас шаарында «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 319 батирдин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү.
Турак жай комплекси 11 блоктон турган 5 кабаттуу үйлөрдөн түзүлүп, жашоочулар үчүн бардык керектүү шарттар каралган.
Бүгүнкү күндө республика боюнча «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Алардын 7 миңден ашыгы пайдаланууга берилип, миңдеген үй-бүлөлөр жаңы турак жайлуу болушту.
Курулуш иштери өлкөнүн бардык облустарында, райондорунда жана айыл аймактарында активдүү уланууда. Ошондой эле айыл жерлеринде ипотекалык турак жай алуу үчүн баштапкы төлөм 50 пайыздан 30 пайызга чейин төмөндөтүлүп, жарандар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлдү.
Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды сапаттуу жана жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу багытындагы иштерин өлкө боюнча мындан ары да улантат.
