NEWS
Ош шаарында жумушчу жыйын өткөрүлдү
Date of publication: Feb. 24, 2026
24-февралда Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын төрагасынын биринчи орун басары Атканов Нургазы Анаркулович баштаган жумушчу топ Ош шаарынын мэриясында жыйын өткөрдү.
Жыйынга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарындагы бир катар жер тилкелеринин маселелери талкууланып, тиешелүү органдарга протоколдук тапшырмалар берилди. Бул иштер турак жай долбоорлорун ишке ашырууну ыкчамдатууга багытталган.
Белгилей кетсек, учурда МИКтин жумушчу тобу республика аймактарын кыдырып, курулуш иштерин жеринде көзөмөлдөп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө.
