NEWS
Президент Садыр Жапаров «Мурас» турак жай комплексинде 1080 батирдин ачкычын тапшырды
Date of publication: Jan. 12, 2026
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-январда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Мурас» турак жай комплексинин экинчи этабында 1080 ипотекалык батирдин ачкычын ээлерине тапшырды.
Мамлекет башчысы жаңы конуш ээлерин куттуктап, жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 80 миңден ашуун ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат.
«Мурас» турак жай комплекси жалпы 39 блоктон жана 4754 батирден турат. Буга чейин 986 батир пайдаланууга берилсе, бул жолу дагы 1080 үй-бүлө жаңы батирине ээ болду. Калган 2688 батир белгиленген мөөнөттө ээлерине тапшырылары белгиленди. Комплексте мектеп, бала бакча, унаа токтотуучу жай жана башка заманбап инфраструктура каралган.
