NEWS
Мамлекеттик ипотекалык компания менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 65 млн АКШ долларына макулдашууга кол коюлду
Date of publication: Nov. 26, 2025
2025-жылдын 25-ноябрында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Жекшенов Т.Т. жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы директору Жэң Ву ортосунда жалпы суммасы 65 млн АКШ долларын түзгөн гранттык жана жеңилдетилген насыялык каражаттар боюнча макулдашууга кол коюлду.
Кол коюлган макулдашуу «Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» аттуу долбоорду ишке ашырууга багытталган.
Долбоор мамлекеттик «Менин үйүм» турак жай программасынын алкагында ишке ашырылып, аз жана орточо кирешелүү жарандарды заманбап «жашыл» стандарттарга жооп берген, жеткиликтүү, туруктуу жана энергия эффективдүү турак жай менен камсыздоону көздөйт.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында гендердик теңчиликке жана калктын аярлуу катмарларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Атап айтканда, майыптыгы бар аялдар, жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн турак жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу чаралары каралган.
Бул кызматташтык өлкөдө турак жай секторун туруктуу өнүктүрүүгө, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жайылтууга жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
