0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

NEWS

NEWS

Каракол шаарында “Хан-Теңири” жаңы турак жай комплексиндеги 420 батирдин ачкычтары тапшырылды

Date of publication: Aug. 8, 2025

Бүгүн Каракол шаарында чоң кубанычтуу күн — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жана “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында “Хан-Теңири” жаңы турак жай комплекси расмий түрдө ачылды.

Бул долбоор Ысык-Көл облусундагы алгачкы мамлекеттик ипотекалык турак жай комплекси болуп саналат жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” тарабынан ишке ашырылды.

“Хан-Теңири” комплекси боюнча жалпы маалымат:
    •    Жалпы 3 105 батир курулат;
    •    69 блок, ар бири 9 кабаттуу;
    •    Курулуш иштери толугу менен 2027-жылдын аягына чейин аяктайт.

Биринчи этап (2025-жылдын 8-августунда тапшырылды):
    •    420 батир:
    •    1 бөлмөлүү — 168;
    •    2 бөлмөлүү — 168;
    •    3 бөлмөлүү — 84;
    •    10 блок, ар бири 9 кабаттуу;
    •    Жалпы аянты — 24 974 м²;
    •    1 450 унаа токтотуучу жай;
    •    Заманбап мектеп;
    •    Эки бала бакча;
    •    Мечит жана башка социалдык объектилер.

Бул батирлер “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” кезегинде турган жарандарга жана турак жай баасынын 50% алдын ала төлөгөндөргө берилет.

“Менин үйүм” программасы Каракол менен гана чектелбестен, учурда Чолпон-Ата шаарында курулуш кызуу жүрүп жатат жана Балыкчы шаарында да башталды.