0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

NEWS

NEWS

Жалал-Абадда 879 үй-бүлө батирлүү болду — Кыргызстанда ипотекалык саясат жаңы деңгээлге чыкты

Date of publication: May 12, 2025

ЖАЛАЛ-АБАД, 12-май. Бүгүн Жалал-Абад облусунда 879 үй-бүлө көптөн күткөн турак жайга ээ болду. Бул — Кыргызстандын ипотекалык саясатынын алкагында аймактарда биринчи ирет ушундай ири масштабдагы батир берүү иш-чарасы болуп саналат. Мурун Бишкек шаарында 2147 батир тапшырылган болсо, региондор үчүн бул — чыныгы тарыхый кадам.

Турак жайлар Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун түз тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп, чындап муктаж болгон жарандарга берилди.

«Үй — адамдын тынчтыгы, ал эми тынчтык — элдин келечеги», — деп белгилешти иш-чарага катышкан аткаминерлер. Белгилей кетсек, бул батирлер курулган жер тилкелери мурда күмөндүү жолдор менен жеке менчикке өтүп кеткен. Президенттин көрсөтмөсүнө ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин түз кийлигишүүсү менен бул участоктор мамлекетке кайтарылып, бүгүн элге кызмат кылып жатат.

Учурда өлкө боюнча 60 миңден ашуун ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунун өзүндө эле 11 204 батир салынууда. Бул — Кыргызстандын тарыхындагы эң ири жана системдүү турак жай саясатынын ишке ашуусу катары бааланууда.

Бул кадам — адилеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон саясий эрктин айкын үлгүсү. Бул — Президенттин стратегиялык көз карашынын жана элге болгон жоопкерчилигинин жогорку деңгээли.