0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

NEWS

NEWS

Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Маликов 91 дарегинде 476 жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды

Date of publication: April 16, 2025

Бүгүн, 16-апрелде, Бишкек шаарында Маликов көчөсү, 91-дарегинде жайгашкан «Мурас» турак жай комплексинин 1-этабынын экинчи фазасынын батирлери тургундарга расмий түрдө тапшырылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзү катышты.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, бул жолу жарандарга:
    •    204 бир бөлмөлүү,
    •    102 эки бөлмөлүү,
    •    170 үч бөлмөлүү батир берилди.

Жалпысынан 476 батир ээлерине өткөрүлүп берилди. Бул ири иш-чара көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн чоң кубаныч тартуулады.