0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

NEWS

NEWS

Кара-Балтада 15 кабаттуу 60 блоктон турган 750 орундуу  мектеби менен заманбап турак жай комплекси курулат

Date of publication: Feb. 21, 2025

Кара-Балтада 15 кабаттуу 60 блоктон турган 750 орундуу 2  мектеби менен заманбап турак жай комплекси курулат. 

21-февралда Кара-Балта шаарында жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушуна капсула коюу аземи өттү. Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты.
15 кабаттуу үйлөрдөн турган турак жай комплекси жалпы 60 блоктон турат. Комплексте 4 420 батирден турат, алардын ичинен:
    •    1 бөлмөлүү – 1 768 батир
    •    2 бөлмөлүү – 1 768 батир
    •    3 бөлмөлүү – 884 батир

Мындан тышкары, комплекстин аймагында 80 коммерциялык жай каралган. Жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап инфраструктура камсыздалат. Анын ичинде:
    •    750 орундуу эки мектеп (2 нөөмөттүү)
    •    280 орундуу эки бала бакча
    •    Балдар аянтчалары
    •    Эс алуу зоналары
    •    2 064 орундуу унаа токтотуучу жай
    •    Өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору (котельня)
Бул долбоор шаарды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөт.