Turmush - Ош облусу боюнча «Арзан турак жай» программасы менен ипотекалык негизде турак жай алууга 16 гана жашоочу кайрылган. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев билдирди.

08 Июня 2016

http://www.turmush.kg/news:298910

Turmush -  Ош облусу боюнча «Арзан турак жай» программасы менен ипотекалык негизде турак жай алууга 16 гана жашоочу кайрылган. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 26-мартынан тартып мугалимдерге, социалдык, маданият тармагынын кызматкерлерине жана дарыгерлерге ипотекалык негизде үйлөр бериле баштаган. Учурда өлкө боюнча 34 жаран үй алды.

«Биз бул программа менен өткөн жылдан тартып иштеп жатабыз. Ар бир облуска 100дон квота берилген. Бирок 1-этапта Ош облусунан болгону 16 гана адам катталган. Биз негизги багытты Ошко буруп, жер-жерлерде туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Учурда каттоо жүрүп жатат. Үй алууну каалоочулар болсо жазылса болот», - деди Б.Шамкеев.

Ипотекалык үй боюнча кечээ, 8-июнда өткөн жыйынга Ош шаарындагы 50гө жакын мекеме-ишканалардын жетекчилери, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов катышты. Аталган программа менен жери бар бирок, үй курууга каражаты жоктор да кайрылууга болот.

«Биз эки баскычта иштеп жатабыз. Биринчиден үй-бүлөдөгү бюджетти эсептеп чыгабыз. Мындан сырткары, жерлери бар, бирок үй салууга каражаты жок жарандар да ипотека алууга укугу бар. Жердин документтери толук болсо, ипотекалык негизде 15 жыл мөөнөт менен акча берилет. Биздин дагы бир нече критерийлерибиз бар. Алуучунун жашы 21 жаштан жогору болушу керек, ал эми ипотеканы төлөп бүткөнчө жашы 65тен ашпашы керек.

Көп кабаттуу үйлөр 70 чарчы метрден, жер үйлөр 150 чарчы метрден ашпашы керек. Ал эми, алына турган сумма 3 млн сомдон ашпоосу кажет. Ар бир чарчы метри 600 долларды түзүшү керек. Ипотека сом менен берилип, сом менен гана төлөнөт. Учурда 7 банк биз менен кызматташып жатат», - деди Бактыбек Шамкеев.

 

// // //