«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК-у баардык кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык мааракеси менен куттуктайт.

30 Августа 2019

 «Мамлекеттик  Ипотекалык Компания»  ААК-у  баардык кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык мааракеси менен куттуктайт.

Бүгүнкү кун өзгөчө кубанычтуу  күн, себеби элибиз азаттыкты эӊсеп эркиндикке жеткен күн. Улутубуздун үмүтү, тилеги, мүдөөсү ишке ашкан күн. Кыргыз эли  эгемендүүлүгүбүздүн туусун  жогорку көтөргөн күнү, өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө цивилизациясында, дүйнөлүк коомчулуктун алдында  өз ордубузду тапкан күнүбүз.  Биздин укуктук мамлекетибиздин иштеши Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин негизги ролу бар,  себеби   Кыргыз Республикасынын жарандарын турак-жай менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу Президентибиздин максатуу жана приоритетүү иши болуп саналат. Кыргыз эли тарыхтын көптөгөн сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, эркиндигин жоготпой, мезгил менен тең алышып, мезгил менен тең жарышып бүгүн  Эгемендүүлүк күнгө жетип олтурат.   Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы – өмүрдөн да кымбат улуу адамдык дөөлөт. Эгемендүүлүктүн башкы дөөлөтү-адамдын эркиндиги жана келечеги.

Ушул улуу  майрамда  Сиздерге жана  жалпы элибизге тынчтык,  ынтымак,  бакыт-таалай жана ийгиликтерди чын журөктөн каалайбыз.