"Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Арзан турак жай 2015-2020" багыты боюнча - "Ижара менен кийин сатып алуу " механизми аркылуу катышуучуларынын тизмелерин түзүү жөнүндө жарыялайт.

29 Августа 2019

"Мамлекеттик Ипотекалык Компания"  ААК-у  "Арзан турак жай 2015-2020" багыты боюнча - "Ижара менен  кийин сатып алуу " механизми аркылуу   катышуучуларынын тизмелерин  түзүү жөнүндө жарыялайт.

60 батирлүү 5 кабаттуу турак жай бюджеттик  өкүлдөрү үчүн   гана ыйгарылган. (бир бөлмөлүү жана эки бөлмөлүү батирлер).  Бул механизмдин артыкчылыгы баштапкы төгүмдүн жоктугу жана пайыздык чен- 6 % жылдык  15 жылга саналат.

      

  Программага катышуу учун талаптар:

  • Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын  акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
  • Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же соңку иштеген жеринде иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо.
  • Программага катышуучуда, катышуучунун куйөсүндө(аялында) жана катышуучунун жашы жете  элек балдарында катышууга арыз берген кунгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
  • Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүулугу.

 

Азыркы учурда  катышуучуларынын тизмелери  түзүлүүдө.

 Бир чарчы метр 40 миң сомдон сатылат, толук маалымат алуу үчүн

төмөнкү шилтемени колдонсо болот.  https://www.tazabek.kg/news:1560936?from=tazabek&place=mainlast  

                                                                 0 (312) 988901, 0(553) 534043,

                                                                 Whatsapp : 0706019335