Калилова Мира Мэлсовна бюджеттик мекемелерде 10-жылдык тажрыйбасы бар, учурда ал Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде бөлүм башчысы болуп эмгектенет.

19 Июля 2019

Калилова  Мира  Мэлсовна  бюджеттик мекемелерде 10-жылдык  тажрыйбасы бар, учурда ал  Кыргыз Республикасынын Борбордук  мамлекеттик  архивинде бөлүм башчысы  болуп эмгектенет. Өмүрлүк жубайы жеке чөйрөсүндө иштейт.  "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020"  программасы тууралуу уккандан кийин керектүү  документтерди чогултуп , программанын катышуучусу болуп калды.

                         

                  
 Калилова Мира:  Ушул күнго чейин, биз ата-энебиз менен чогуу жашаганбыз, жана акырындык менен үй сатып алуу  максатында акча топтоп жатканбыз. Батир  издеп  жатканда  сатуучу  өзунун баасын айтат, риэлтор  реалдуу рыноктук бааны айтат, ошиентип  биз  35000 миң долларга батир сатып алдык , ай сайын 23000 сом төлөйбуз. Батирдин ашканасы кичинекей– бирок бул өзүбүздүн турак-жайыбыз, биз өзүбүздү эркин сезебиз. Биздин эки балабыз бар, эми алардын өз бөлмөсү болот”.