2019 жылдын 15-июлунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у 4 жылдык мааракесин белгилейт.

15 Июля 2019

2019  жылдын  15-июлунда  "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у   4 жылдык  мааракесин  белгилейт.  

Төрт  жылдын   ичинде  "МИК" ААК-у  өзүнүн  ишмердүүлүгүндө  төмөнкү натыйжаларга жетишти:

  • 4279  ипотекалык  насыя  берилди,  алардын  жалпы  суммасы  4,9 млрд. сомду түздү, анын натыйжасында  238568,99  даяр   турак  жай  сатып  алынды.

                                                      

  • Жеке турак-жай куруу механизми боюнча 18895 кв. метр  эксплуатацияга киргизилди.

    

  • 2  турак  жай  объектиси  эксплуатациялоого  киргизилет: "60 батирлүү  5 кабаттуу  турак  жай” ( Нарын шаары)”, “135 батирлүү 9 кабаттуу турак жай” ( Тунгуч микр, Бишкек шаары) -жалпы аянты 8415 чарчы метр.  

  • Биринчи жолу  Кыргызстанда 200  млн сомго ипотекалык баалуу кагаздардын  ачык  эмиссиясы  ишке ашырылып,  бүгүнкү  күндө  алардын баары жайгаштырылган.
  • "МИК" ААК-у  жарандардын  бардык  категориясы  үчүн  "Жеткиликтүү ипотека" багытын  ишке  киргизди.
  • "МИК" ААК-у  биринчи жолу “Ижара менен сатып алуу”  механизимин  ишке киргизди.  Ал механизмдин  артыкчылыгы-баштапкы төгүмдүн жоктугу, ай сайын  гана төлөп туруш керек.  
  • "МИК" ААК-у  биринчи жолу “ Кыргызстандагы  банктардын  Кубогу ”   банктар  аралык  турнирине катышып,  жана  анын төрттөн бири финалына чыкты. “МИК” ААК-ун  командасы "Кыргызстандын банктар Союзунун" уюштуруучу  тобу  менен  "Жеңишке болгон   умтулуу үчүн "  диплому  менен сыйланды.