Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (“Республика-Ата-Журт”) депутаты М.К.Жеенчороевдин маалыматына карата Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын жообу

02 Июня 2016

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында 2015-жылдын декабрь айында “Мамлекеттик Ипотекалык  Компания” ачык акционердик коому (мындан ары -МИК)  өз ишин баштаган. МИКтин иштеп жатканына учурда, депутат М.К. Жеенчороев айткандай 1 жыл эмес, 7 айдын жүзү болуп калды. МИК тарабынан учурда “Коммерциялык банктар аркылуу кайра каржылоонун механизми” модели иштелип чыгып, аткарылып жатат. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ипотекалык насыяларды өнөктөш банктар аркылуу берүү жолу менен жүзөгө ашыруу болуп саналат. «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банк» ААК, «Банк Компаньон» ЖАК өнөктөш банктар катары МИК менен иш алып барышууда. Ошондой эле, «Азия Банкы» ЖАК, «Capital Bank» ААК жана “БТА Банк” ЖАК менен кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюлду. Калган банктар менен дагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Буга кошумча, аймактарда түшүндүрүү иштери, жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери насыя алууга кайрылган жарандардын документтерин карап, каттоо иштерин кандай жүргүзүү тууралуу окутулуп, үйрөтүлдү, бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өлкөнүн калкына маалыматтар тынымсыз берилип, МИКтин коомдук кабылдамасына келген жарандарды кабыл алып, тез байланыш аркылуу жооп берилип жатат. Ал эми тажрыйба алмашуу жаатында россиянын, германиянын адистери менен тыгыз иштеп жатабыз. Жарандарыбызды арзан турак жай менен камсыздоо багытындагы ишибизди мындан ары да натыйжалуу улантуу максатында, бир катар моделдер жана программалар иштелип чыкты. Азыркы учурда МИКтин адистери республиканын бардык аймактары боюнча иш-сапары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

     Биринчи насыялар Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия 185 катышуучунун тизмесин карап чыккандан кийин,  2016-жылдын 25-мартында бериле баштаган. Экинчи тизме 2016-жылдын 20-майында каралып, азыр ал боюнча ипотека насыясын берүү иштери улантылып жатат. Ведомтсволор аралык комиссиянын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутаты дагы бар. Комиссиянын курамы тууралуу маалымат МИКтин расмий сайтында жайгаштырылган, дареги: http://gik.kg/ky/commission/Sostav/

     2016-жылдын 2-июнуна  карата  берилген насыялардын жалпы суммасы 28 991 500 сомду түздү (катышуучулардын  билдирмелерин өнөктөш банктар тарабынан эки ай ичинде карап чыгуу, насыя алуучулардын турак жайларды издеп табуу убактысы). Натыйжада, 33 жаран  насыя алып, 60тан ашык адам насыя алганы турат. Биринчи жана экинчи тезмедеги калган катышуучулар тиешелүү документтерин өнөктөш банктарга берүү үчүн чогултуп, даярдап жатышат. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралган тизмелер МИКтин сайтында  жайгаштырылган, дареги: http://gik.kg/ky/lists/

     Кыргыз Республикасынын “Банктык сыр жөнүндө” мыйзамына ылайык,  банктын кардарларынын байланыш маалыматтарын (телефон,  дарагеи, ж.б.) берүүгө “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК укуктуу эмес. Программанын  катышуучуларынын жашаган дареги, телефон номери жана насыянын суммасы тууралуу маалыматты алуу үчүн МИКтин жогоруда аталган өнөктөш банктарына кайрылсаңыз болот.

      “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКсынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө”  убактылуу жобонун бардык пункттарын олуттуу сактоо менен иштеп жатканын жоопкерчилик менен билдирет. Тизмелердин түзүлүшү боюнча жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жүктөлгөн. Бул маселе боюнча иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (“Республика-Ата-Журт”) депутаты М.К.Жеенчороевдо тиешелүү органдарга кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар.

     Мындан тышкары, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКсы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында “Жеке турак жайды куруу” модели боюнча ипотекалык насыя берүүнү баштоо сунушун коюда.  Бул модель өнөктөш банктар аркылуу жакын арада каржылана баштайт.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкек ш., Чүй пр., 106 дареги боюнча жайгашкан “МИК” ААК коомдук кабылдамасына төмөнкү номер (0312) 62 14 34 (кызуу байланыш) аркылуу кайрылышса, http://gik.kg/ky/ расмий сайтына кирип окуса жана болот.

 

// // //