2019-жылдын 13 июнунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Кыргызстан-Кытай" Бизнес-форумуна катышты.

14 Июня 2019

2019-жылдын 13 июнунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у  "Кыргызстан-Кытай" Бизнес-форумуна  катышты.

Форумдун салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер–министри Кубатбек Боронов жана Кытай Эл Республикасынын  Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода-экономикалык маселелери боюнча кеңешчиси Ли Юе катышты. Кубатбек Боронов баса белгилегендей, Кытай инвестициялык мекемелери менен соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жана байланыштарды өркүндөтүү, эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги ролду ойнойт.  Ошондой эле бизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Министрликтери, ири холдингдер, банктар, жана Кытайдын ири корпорациялары катышты.

Белгилей кетсек, бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча Кытай Эл Республикасы менен  7 миллиард   АКШ доллардан    ашык суммага бир катар документтерге кол коюлду, алар  тоо-кен өнүктүрүү, агроөнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарына  багытталат.