АКК "Мамлекеттик Ипотека Компаниясынын" жамаатты 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

07 Марта 2019

 

 

 

Урматтуу айымдар!

Сиздерди үмүттүн, ишенимдин, сүйүүнүн майрамы 8-март эл аралык аялдардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Жаратканыбыз аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн ыйгарган экен. Сиздердин жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, үмүт билигин узартып, келечекке ишенимиңди арттырат. Сиздер кыргыздын чыгаан уул - кыздарын эрезеге жеткирип, аруулуктун, улуулуктун символу болуп жүрө бериниздер.

Урматтоо менен, АКК "Мамлекеттик Ипотека Компаниясынын" жамаатты.