Даяр турак жайды сатып алуу боюнча ачык конкурс

06 Ноября 2018

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКу (“МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу алкагында “Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай” механизмин киргизүү максатында даяр турак жайды сатып алуу боюнча ачык конкурс жарыялады.

“МИК” ААКу Кыргызстанда ипотекалык насыялоонун “Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай” жаңы механизмин ишке киргизүүдө. Бул механизмдин алкангында “МИК” ААКун балансындагы турак жайды кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү 15 жылга чейин ижарага берүүсү каралган. Жаңы механизмдин негизги артыкчылыктары – баштапкы төгүмдүн жоктугу, ижара келишими “МИК” ААКу менен ижарачынын ортосунда түзүлгөндүктөн, өнөктөш-банктардын маржасынын жоктугу жана төмөн пайыздык чендер жылдык 6% деңгээлинде. “Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай” механизмин ишке киргизүү үчүн “МИК” ААКун балансында турак жай фондунун болушу абзел, ал эми маалым болгондой, турак жай фондунун курулушу узак мөөнөттү талап кылат. Ошондуктан, 2018-жылдын 3-ноябрында “МИК” ААКу “Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай” механизминин ишке киргизүүсүн тездетүү үчүн биринчилик рыноктон даяр турак жайды сатып алуу боюнча ачык конкурсту жарыялады.

Программа алкагында “МИК” ААКу тарабынан сатып алынатурган турак жайга төмөнкү талаптар коюлган:

Батирдин максималдуу аянты 80 чарчы м ашык болбоого тийиш;

Турак жайдын 1 чарчы м баасы 40 000 сомдон ашык болбоого тийиш;

Турак жай колдонууга берилген жана укук белгилөөчү документтери болуш керек;

Турак жай кирип жашоого даяр болуусу абзел;

Негизги инженердик коммуникацияларга кошулуу.

2018-жылдын 15-ноябрында саат 15:00 “МИК” ААКу курулуш компаниялардын катышуусу менен турак жайды сатып алуу сунун шарттары жөнүндө кеңешме өткөрөт.

Ачык конкурстун шарттары менен мамлекеттик сатып алууларынын расмий порталында zakupki.gov.kg таанышсаңыздар болот.