"МИК" ААК -нун Жетекчилиги иш сапарынын жыйынтыктары менен бөлүшөт.

11 Июля 2018

Өткөн жуманын аягында “Мамлекеттик  Ипотекалык Компания” ААКнун Башкармасынын Төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович жана Башкармасынын төрагасынын орун басары Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович Нарын  шаарына  Раззаков көчөсүндөгү курулуп жаткан 60-батирлүү турак жайды мониторинг жүргүзүүгө барышып “ПП Минур” ЖЧК курулуш компаниясы менен техникалык кеңешме өткөзүлдү. Азыркы учурда иш чаралар графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана графикке жараша имараттын 1-5 каббатынын каркас түзүлүштөрү аяктады, 3-4 кабаттарында сырткы жана ички дубалдарын, тосмолорун кирпич менен басуу болууда. 1-кабатында электр тармактарын байланыш жолдорун салуу да аягына чыкты.

Объект боюнча 61 млн. сом которулган, анын ичинде 2018-жылы 30 млн. сом которулган.

Ошондой эле, Нарын шаарынын мэри, Эмилбек Алымкулов менен жолугушуу өткөрүлдү, анын натыйжасында “МИК” ААКнун жетекчилиги курулуштун жүрүшү жөнүндө маалымат берип жана келечектеги ижарачыларынын тизмесин түзүү жана курулуп жаткан турак жайды ушул жылдын аягында пайдаланууга берүү жөнүндө мэрия менен биргеликте талкуулады. Андан сырткары, Нарын шаарынын мэриясы коммуникация системаларын тездетүү боюнча курулуш иштерине жардам берүүдө.

Бул батирлер бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине кийин сатып алуу менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.