Өзүнүздүн үйүнүздө жашагаңы убакыт келди!

05 Июля 2018

Бүгүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасынын алкагында Бишкек шаарындагы турак жайды ипотекалык насыялоо аркылуу сатып алуу үчүн маалымат менен бөлүшүп белгилейбиз.

Азыркы учурда, бюждеттик жана мамлекеттик чөйрөлөрүндө иштеген кызматкерлерине гана ипотекалык насыялоо берилип жатат. Көп учурларда Программанын катышуучусу турак жайдын баасынан 10 пайызын баштапкы төлөм катары төлөп бир бөлмөлүү батирге ээ болот. Бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы 1 725 000 сом же 25 000 АКШ доллар. Ай сайын 15 жылдын ичинде ипотекалык насыянын төлөмдөрү 16 683 сом болууда (жылдык 10%).Салыштыруу үчүн эгерде Сиз ижарага бир бөлмөлүү батир алып ай сайын 10 000 -14 000 сом төлөп турсөңүз, бул насыянын төлөмүнө карата арзаныраак, бирок 15 жылдан кийин ал батир Сиздин жеке менчигиңизге өтпөйт жана төлөнгөн акча каражаттарыңыз батирдин ээсинде эле калат.   Өзүнүздүн үйүнүздө жашаңыз!