Коммерциялык банктар Мамлекеттик Ипотекалык Компания менен кызматташууга даяр.

24 Апреля 2016

    Бүгүн, 2016-жылдын 15-апрелинде “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев “Азия Банкынын” ЖАК башкармалыгынын төрагасы Алдаяров Н.Н. жана “Capital Bank” башкармалыгынын төрагасы Булатов Э.К. менен жолугуп, алар менен мындан ары кызматташуу жөнүндө Генералдык Келишимге кол койду.

    Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын шарттары боюнча насыяны мынданы ары “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК, “Компаньон Банкы” ЖАК, “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААК жана биздин жаңы өнөктөш “Азия банкы” ЖАК, “Capital Bank” ААКтарында алса болот.

   Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын шарттарына ылайык берилген ипотекалык насыялардын суммасы 2016-жылдын 15 апрелине карата 7 627 000 сом. Насыя алгандар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарынын өкүлдөрү.

   Бүгүнкү күнгө насыя алууну каалаган жарандар тарабынан көрсөтүлгөн сумма  450 миң сомдон 1 500 000 сомго чейин болууда. Программанын катуушуучулары насыяларды 15 жылга чейин алышты. Учурда ААК “РСК Банк”, “Айыл Банк” ААК, “Компаньон Банкы” ЖАК жана “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААК Программанын катышуучуларынын тизмелерин алып, арыздарды карап чыгуу жана ипотекалык насыяларды берүү иштерин аткарышууда.

   Мамлекеттик ипотекалык насыяларды алууну каалоочуларды каттоо уланууда. Насыя алууга муктаж жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кайрылса болот. Мамлекеттик мекемелерде эмгектенген жарандар арыздарын иштеген жеринде тапшыра алышат.   

// // //