2000-насыяны ким алды?

24 Октября 2017

Эки миңинчи насыяны Токмок шаарынын тургуну алды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде Мамлекеттик Ипотекалык Компания тарабынан  берилип жаткан 2 миңинчи насыяны алуу бактысына Мадина Садырова ээ болду.

Бул маанилүү окуяга байланыштуу иш чара бүгүн Токмок шаарында болуп өттү. Анткени 2 миңинчи насыяны алган катышуучу ушул шаардагы №2 үй бүлөлүк дарыгерлер  борборунун медайымы болуп эмгектенет. Иш чарада МИК төрагасынын орун басары Нуржигит Усенакун уулу, Банктар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Айгерим Касымалиева, “РСК” банкынын, “Эльдорадо” компаниясынын өкүлдөрү дарыгерлер тобунун эмгек жамааты жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

 

Нуржигит Усенакун уулу  2 миңинчи насыячыны куттуктап, жакшы каалоолорду айтуу менен, аталган Программанын чегиниде, МИК  ипотекалык насыяларды берүү ишин  ийгиликтүү улантып жатканын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасынын чегинде пайыздык чендер дагы төмөндөтүлүп, 8-10 пайыз чегинде белгиленгенине токтолду.  МИК тарабынан иштелип чыккан механизмдердин чегинде бүгүнкү күндө  бюджеттик мекеме-уюмдарда иштеген 2 миңден ашуун кызматкерлери турак жайлуу болушуп, жалпы суммасы 2,3 млрд. сомду түзгөнүн айтты. Ошондой эле ипотекалык насыялар жарандардын бардык катмарына жеткиликтүү болуу үчүн МИК тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

 

Дарыгерлер тобунун жетекчиси Айгүл Сыдыкова Арзан турак жай программасынын чындап эле жеткиликтүү экендигине ынанып турганын айтып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, МИК жана РСК банкына  терең ыраазычылык билдирди.

РСК банкынын Токмок шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси Чынгыз Маманов МИК менен өнөктөш катары ипотекалык насыяларды берүү банк үчүн сыймык экени белгиледи. Анткени  жарандардын ипотекалык насыя аркылуу турак жайлуу  болуп жатышы биздин социалдык жоопкерчиликти жогору койгондугубуз болуп саналат. Азыркы учурга карата РСК банкынын аталган бөлүмүнөн 18 жаран насыя алганын айтты банк өкүлү.

Ал эми,  “Эльдорадо” үй тиричилиги техникалары дүкөнүнүн өкүлдөрү Мадина Садыровага телевизор белегин беришип, МИК менен өнөктөш болуп иштеп жатышканына бардык тараптар үчүн ийгилик болорун белгилешти.

Өз кесиби боюнча мыкты адис Мадина Садырова, Программанын алкагында турак жайлуу болгонуна чексиз кубанычта экендигин жашырган жок.

“Буга чейин  жолдошум жана 2 балам менен батирден батирге көчүп жүрчүбүз. Ипотекалык насыя тууралуу телевизордон угуп калып, шаардык мэрияга кайрылып документтерди тапшырдым. Документтерди топтоо кыйыныраак болгону менен, насыяны бир айдан кийин эле алып калдым. Документ топтоп чуркап жүргөнүмдө “бул болбойт” дегендер да болду, бирок мен эч кимди укпай, чуркай бердим. Эмгегимдин үзүрүн көрдүм. Менде азыр өзүмдүн үйүм бар деген чоң ишенич бар. Насыя пайыздары мен үчүн оор деле эмес, аларды төлөп жатканыма эч кандай ичим ачышпайт, анткени мен өзүмдүн үйүм үчүн  төлөп жатамын”,- деди 2 миңинчи насыячы.