Урматтуу кыргызстандыктар!

30 Августа 2017

Урматтуу Кыргызстандыктар!

 Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы жана удаа келген Курман айтыңыздар менен куттуктаймын!

 Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхый өнүгүү жолунда дүйнө коомчулугуна “Эгемен мамлекет” катары таанылып, саясый, экономикалык  өз алдынча чечим кабыл алуу даражасына ээ болгону Кыргызстандын ар бир жараны, жалпы эли үчүн баа жеткис байлык, зор кубаныч жана чоң жоопкерчилик!

 Ушул күндүн урматына Сиздерге бекем ден-соолук, руханий  бийиктик,  үй-бүлөлүк бакыт-таалай, кажыбаган кайрат жана мекенчилдик бийик жигердүүлүк каалаймын!

 

Терең урматтоо менен,

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК Башкармасынын төрагасы                                           

Шамкеев Бактыбек Абылкасымович