Кызматташуу

30 Июня 2017

«Чанг Ан Банк» ААК  ипотекалык насыялоо боюнча “МИК” ААК  менен кызматташууга даяр

2017-жылдын 30-июлунда  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун (МИК) Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек жана  “Чанг Ан” Инвестициялык Банк” ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы  Акматов Азамат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары Программа) жүзөгө ашыруунун чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге кол коюшту.

Иш чарада эки мекеменин жетекчилери бул  кызматташуу Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы  өнүктүрүүдөгү  кадамдардын бири болуп саналарын белгилеп кетишти.  Бул, ошондой эле, Программанын катышуучуларына  банктарды тандап алууларында, насыялоо шарттарында  кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.

МИКтин ипотекалык насыяларды кайра каржылоого катышуучу өнөктөш банктардын  санын көбөйтүү ишинин шарапатында  Проргамманын катышуучуларынын ипотекалык насыя алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө.

МИКтин шарттарына ылайык, ипотекалык насыяларды  буга чейин республиканын 12 коммерциялык банкынан алууга  мүмкүн болгон, атап айтканда: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Компаньон банкы» ЖАК, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Capital Bank» ААК, «БТА Банк» ЖАК, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"  ЖАК, "Бай-Түшүм" Банкы ЖАК.  “Кыргыз коммерцбанк” ААК жана “Россинбанк” ААК, “Бакай Банк”ААК.

2017-жылдын 30-июлуна карата абал боюнча  коммерциялык банктар аркылуу берилген ипотекалык насыялар тууралуу маалымат:

// // //