МИК түшүндүрөт

20 Июня 2017

Ипотекалык насыялоо механизми контрактык турак жай аманат тутуму аркылуу ишке ашат

Жакында МИКтин төрагасынын орун басары Нуркулова Гүлнара жана тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин жыйындар залында “Арзан турак жай 2015-2020” Программасынын (Программа) катышуучулары менен жолугушуу өткөрүштү жана анын жүрүшүндө “Контрактык турак жай аманат” жаңы механизми тууралуу кенен түшүнүк берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан турак жай маселесин чечүү боюнча биринчи жолу кадам шилтенгени белгилүү. “Турак жай 2015-2020” программасы кабыл алынып, аны аткаруу боюнча Мамлекеттик Ипотекалык Компания  (МИК) уюшулуп иштеп жатат. Азыркы учурда  МИК тарабынан 2 механизм: “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу” ишке ашырылууда.

МИКтин өзүнүн турак жай фонду жок, ошондуктан биринчи механизм боюнча Программанын катышуучулары рыноктон өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша турак жайларды сатып алып жатышат. Ал эми 2-механизм боюнча жер үйлөрдү курууга насыя алышууда. Насыялардын пайызы адегенде жылдык 12-14 пайыз болсо, көптөгөн жарандардын суроо-талаптарын эске алып, Өкмөттүн тиешелүү чечими менен аларды 10-12 пайызга чейин  төмөндөтүүгө жетиштик.

Ипотекалык насыяны алууда турак жайдын суммасынан 10-30 пайыз өлчөмүндө өздүк төлөмдү төлөө шарт. Программаны ишке ашыруунун  жүрүшүндө  анын катышуучуларынын бир бөлүгү өздүк салымдын тиешелүү суммасын чогултууда кыйналып жатышканы белгилүү болду.

МИК мына ушул жагдайды эске алуу менен жана  ипотекалык насыялоонун дүйнөлүк тажрыйбаларына таянып, ипотекалык насыялоонун жаңы  механизмин иштеп чыгууда. Мында жарандардын  топтолгон акча каражаттары кайра эле алардын насыя алуусуна пайдаланылат.

Сунушталып жаткан “Контрактык турак жай аманат” жаңы механизмин өнүктүрүп кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын лицензиясы менен иштей турган уюмду негиздөө зарыл. Ошондуктан азыркы учурда Экономика министрлиги тарабынын анын институт катары орун алышы боюнча  маселе каралып жатат.

Уюштурула турган уюмдун милдеттери мындайча:  каражаттарды кабыл алуу, аларды сактоо, убактысы келгенде жеңилдетилген шартта ипотекалык насыя берүү. Пайыздык чендер жылдык 7-9 % өлчөмүндө болору каралууда.

Контрактык турак жай аманат механизминин чегинде бериле турган продукттардын болжолдуу параметрлери төмөндө келтирилген:

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сурамжылоо баракчасы (Анкета) толтурулуп, алардын суроолоруна жооптор берилди.

Анкета үчүн суроолор менен МИКтин  www.gik. расмий сайтынан кыргыз жана орус тилдеринде окуп таанышууга болот.

МИК ипотекалык насыялоо ишин Программага катышуу тууралуу убактылуу жобону жетекчиликке алуу менен аткарууда.

 

// // //