«МИК» ААК 2017-жылдын 23-майында кыргыз-жапон экономикалык ишкерлик кеңешине катышты.

25 Мая 2017

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК 2017-жылдын 23-майында кыргыз-жапон экономикалык ишкерлик кеңешине катышты. Ишкерлик кеңештин негизги коноктору курулуш, консалтинг, инвестиция жана башка  бизнес тармактарынын жапон өкүлдөр тобу болду. Алардан тышкары Кыргыз Республикасынын бизнес жамаатын өкүлдөрү катышты. Ишкерлик кеңештин негизги маселеси Жапониядан инвестициялар келүү аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүгүусүнө демилге жаратуу болду. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ипотекалык насыя секторуна инвестияларды тартуу мүмкүнчүлүгү талкууга алынды. Жолугушууда “МИК” ААК Башкармалыктын Төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович коноктор алдында сүйлөдү, “МИК” ААК ишмердиги менен тааныштырды, жана Кыргыз Республикасынын ипотекалык насыя тармагында келечектеги өнүгүү пландары менен бөлүштү.

// // //