• Иш сапары

24 Апреля 2017

МИК  адистери жарандардын суроолоруна жеринде жооп беришти

Жакында “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун кызматкерлери Ысык-Көл аймагында иш-сапары менен болуп кайтышты. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы өкүлчүлүгүнүн  “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жеринде жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкерлери тарабынан уюштурулган иш-чарага райондук администрациялардын жооптуу кызматкерлери, Программанын катышуучулары, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, ипотека маселеси тууралуу кеңири маек курууга жетишишти.  

Мында адистер жарандардын банктардагы ички жол-жоболор, турак-жай стандарттары (анын ичинде жайгашуу аралыгы) пайыздарды төлөө графиги, кепилдик, ссуда-аманат кассасын иштетүү механизми, кийин сатып алуу менен ижарага турак жай механизми жана категориялар боюнча суроолорго так, түшүнүктүү жооп беришти.

Иш-чарага катышкандар жалпысынан ипотекалык насыялоонун шарттары, талаптары, мөөнөтү, суммасы, жеке турак жай куруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолорду кайрадан тактап, жооп ала алышты.

Кыргызстанда биринчи жолу турак жай программасын жүзөгө ашырууга катышып, калкка кызмат кылууда кошо аракеттенүү ары сыймыктуу, ары  кызыктуу экендигин билдирген ыраазычылыкты  областтык, райондук администрациялардын жана өнөктөш банктардын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери айта кетишти.

МИК адистери ишти андан ары улантып, жергиликтүү Ысык-Көл теле каналы аркылуу түз эфирде көптөгөн жарандардын суроолоруна кайрадан жооп беришип, иш-сапарын ийгиликтүү аяктап кайтышты.

“МИК” ААК маалымат кызматы 

// // //