Майрамыңыздар менен!

06 Марта 2017

Урматтуу Апалар, эже-карындаштар, кыздарым!

Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын мырзаларынын атынан барыңыздарды 8-Март майрамы менен чын         дилимден куттуктаймын!

Табияттын керемет Жаз мезгилинде белгиленген бул майрамдын  мааниси биз үчүн эбегейсиз зор!

Жаз жаңыланууну, сулуулукту, назиктикти, ал эми 8-Март аялзатынын аруулугу, асылдыгы алдыда турушу үчүн улуу күрөштүн жеңишке ээ болгонун даңазалаган майрам! 

Адамзат коомунун өнүгүшүндө, жашоо-турмуштун ар кандай оош-кыйыштарындагы кыйынчылыктан чыгууда кажыбаган кайраттуулуктун калыбын бузбай улантып келе жаткан эмгегиңиздер опол тоодой экендигине таазим этебиз!

Барыңыздарга бекем ден-соолук, аялзатына таандык бакыт, улуулук-сулуулук ширелишкен асылзаада акылмандыгыңыздар ар дайым абдан арбыштуу боло берсин!

 

 

“МИК” ААК  Башкармасынын төрагасы

Шамкеев Бактыбек Абылкасымович

// // //