• Алгачкы кадам – арбын жылыштар

27 Февраля 2017

Ипотекасы миллиарддык сумманы толуктаган Сайкал Садирова

Белгилүү болгондой, жакында “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК (МИК) Кыргыз Республикасынын “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашыруунун чегинде бюджеттен бөлүнгөн ссуданын 1 млрд. сомун ийгиликтүү өздөштүрүүгө жетишти. 2017-жылдын 24-мартына карата МИК тарабынан 830  үй-бүлөгө ипотекалык насыя берилип, ал 1 млрд. сомдон ашкан суммага барабар болгон. Мына ушул  жетишкендик белгиленген аземде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ипотекасы 1 млрд. сомду толуктаган катышуучу-Сайкал Садированы куттуктап, ага өз колу менен ипотекалык сертификат тапшырды.

Премьер-министр  МИК биринчи жолу түзүлгөндүгүнө карабастан, бир жылга жетпеген убакыт ичинде 1 млрд. сомду  ийгиликтүү өздөштүргөнүн жана бул көрсөткүч жаңы эле өнүгүп келе жаткан мамлекеттик компания үчүн кыйла эле дурус натыйжа экенин белгиледи.

Өкмөт башчысы «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын негизги максаты - өлкөнүн жарандары үчүн турак жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу экендигине токтолду.

«Программаны жүзөгө ашыруунун алгачкы учурунда мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандар турак жайга ээ болуп жатышат. Бул албетте өлкөнүн социалдык-экономикалык абалындагы жакшы жылыштардын бири», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Аталган аземдин андан ары уланышында  МИКтин иш-чаралар планына ылайык, 1 млрд. сомго насыясы дал келген катышуучуга атайын белекти МИК башчысы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович өзү ыйгарып, куттуктоо сөзүн айтты.

Өлкөбүздө жарандардын турак жайлуу болуу  маселесин шартыбызга жараша чечип жатканыбыз биздин мекеме үчүн дагы чон сыймык. Ушул учурга карата турак жай менен камсыз болгон 800дөн ашык үй-бүлөнүн  илгери үмүтүнүн акталып жатышы бизди дагы кубандырат. Биз өз ишибизди жарандардын суроо-талаптарын, муктаждыктарын эске алуу менен тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу аркылуу илгерилетип жатабыз, -деди  Бактыбек Абылкасымович

Ал эми, Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде англис тили мугалими, ушул кубанычтуу окуянын күнөөкөрү Сайкал Садирова өз кубанычын мындайча бөлүштү:

Менин ипотекалык насыя алганым үй-бүлөмдүн ыңгайлуу шартта жашоосуна, балдарымдын сабакты жакшы окуусуна  жана өзүмдүн  ишимдин сапаттуу болушуна  шарт түзүлүүдө. Биздин өлкөдө мындай  шарттын түзүлүп, ишке ашырылып жатышы  көпчүлүк жарандар үчүн  турак жай маселесин  мүмкүнчүлүккө жараша  чечип алууларына көмөк болууда. Биздин үй-бүлө дагы  батирлеп жүргөнбүз. Мен  үчүн бул ипотекалык насыянын шарттары, коюлган талаптары, пайыздык чендери абдан эле ынгайлуу болду.

Ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу деле берилип жатканын билебиз, бирок алардын пайыздык чендери абдан эле жогору,  насыяны кайтаруу мөөнөтү да 5-7 жылды түзөт.  Ошондуктан бул Программа чегиндеги ипотекалык насыяны, буйруса, талыкпай иштеп, айлык акымдан утуру төлөй берүүнү мамлекеттик колдоо катары кабыл аламын.

Мен үй-бүлөмдүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө,  “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ийгиликтүү ашырып жаткан МИК жетекчилигине жана эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирип, ипотеканы биздин өлкөдө мындан ары да сапаттуу жана кеңири тармакта жайылтып иштей берүүлөрүнө албан-албан ийгиликтерди каалап кетемин.

Ал эми, биз, жарандар өзүбүз дагы ипотека тууралуу маалыматты жакшылап окуп, шарттары-талаптары менен толук таанышып,  мүмкүнчүлүккө жараша аракеттене берсек, берекет болоруна көзүм жеткенин кошумчай кетейин.

 

“МИК” ААК басма сөз кызматы

// // //