Пресс-релиз

02 Февраля 2017

 “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК   “Жеке турак жайды куруу” - экинчи механизми боюнча насыя алуунун шарттарын жеңилдетти

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому  (мындан ары МИК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде азыркы учурда “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу”, - деген 2 механизмди ишке ийгиликтүү ашырып жатат.

Эгерде, биринчи механизм боюнча Программанын катышуучулары  рыноктон өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша турак жайларды сатып алып жатышкан болсо,  2-механизм - “Жеке турак жайды куруу” (ЖТК) боюнча жеке менчик жер үлүшүнө ээ болгон шартта там салууга насыя алышууда.

Бул механизмдин алкагындагы насыянын пайызы 18 айды камтыган курулуш учурунда,  алгачкы төлөмдү төлөө шартында  жылдык - 14 пайыз,  ал эми курулуш аяктап, тамды жергиликтүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик  органдардан  колдонууга кабыл алгандан кийин жылдык 10 пайызды түзөт. Насыянын максималдуу суммасы 3 млн. сомго жана кайтаруу мөөнөтү 15 жылга  чейин.

Программанын катышуучуларынан келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен, МИК бул механизмдин талаптарына карата төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү кабыл алды:

  • турак жайдын  даярдуулук пайызы боюнча чектөө алынып салынды;
  • толук бүткөрүлө элек турак жайдын курулушуна  кеткен сарптоолор өздүк салымды эсептөөдө эсепке алынат;
  • техникалык көзөмөлдөө  талабы алынып салынды.
     

Бул өзгөртүүлөр 2017-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирди.

Бул механизм боюнча шарттар жана талаптар тууралуу кененирээк маалымат алууга кызыккандар МИКтин расмий сайтынан www.gik.kg “Зайымчыларга” - “Жеке турак жайды куруу” механизми бөлүгүнөн тааныша алышат.

Урматтуу Кыргызстандыктар! Жаз мезгили да жакындап калды! Бул мезгилдин келиши менен Кыргызстандын бардык бурчунда,  анын ичинде “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучулары тарабынан курулуш иштери жанданат. Ал эми, МИК тарабынан бул механизмге карата  кабыл алынган өзгөртүүлөр өз кыялыңыздардагы тамды курууга кыйла жөлөк болоруна үмүт артабыз.

 

// // //