АКЧАНЫ ЭМИ ӨЗ ҮЙҮБҮЗ ҮЧҮН ТӨЛӨП ЖАТАБЫЗ!

16 Декабря 2016

Нурматова Гүлмира Турдубаевна, Жалал-Абад областтык  үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери

Ипотекалык насыя менен Жалал-Абад шаарынан 2 бөлмөлүү батир алдык. Ушул убакка чейин батирден батирге көчүп жашап жүчүүбүз. Азыр жолдошум, 3 балам менен өз үйүбүздө жашап калдык. Жашообуз жакшы, батирге акы төлөбөй, акчаны эми өз үйүбүз үчүн төлөп жатабыз. 

Мамлекеттик Ипотекалык Компания жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде насыяны Компаньен банкы тарабынан алдык. Бул банктын тейлөө ишин дагы дурус деп айтып кетким келет.

Насыянын пайыздык чендери бир аз жогору деп айтканыбыз менен, келечекте алардын төмөнүрөөк болушуна да үмүт артабыз. Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга терең ыраазычылык билдиребиз!

// // //