Ипотекалык насыяларды берүүгө кызыкдар банктардын саны өсүүдө

27 Октября 2016

2016-жылдын 26-октябрында  “МИК” ААК (мындан ары МИК) Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, «Кыргызкоммерцбанк»" ААК Башкармасынын төрагасы Айбалаев Алмаз Маматович жана "Росинбанк" ААК башкармасынын төрагасы Немеринский Евгений Александрович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары Программа) жүзөгө ашыруунун чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге кол коюшту.

 

МИКнын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович  бул иш-чаранын олуттуулугун, өнөктөш банктардын катарынын өсүшү Программанын катышуучулары үчүн ынгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. Программаны ишке ашыруунун алкагында МИК тарабынан  иштелип чыккан  “Даяр турак жайды сатып алуу” жана  “Жеке турак жайды куруу” механизмдери учурда өнөктөш банктар тарабынан МИКтин кайра каржылоосу менен ишке ийгиликтүү ашып жатат.

Талаптарга ылайык Программанын катышуучуларынын бекитилген тизмелери МИК менен иштеп жаткан өнөктөш банктарга жөнөтүлүп, насыя алуу иштери андан ары банктардын ички жол-жоболорунун негизинде уланат. Банктар менен кызматташууда  МИК өнөктөштөрдүн кардарларды сапаттуу тейлөөсүнө  көнүл бурат. Жакында МИК тарабынан “Программаны ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана  өзара аракеттенүүнүн денгээлин жогорулатуу” темасында тегерек стол өткөрүлүп, анда ипотекалык насыялоо ишине катышуучу бардык уюмдар банктардын ички жол-жоболорун жеңилдетүү маселелерин,  тизмелердин жеринде ырасталышына  тиешелүү көйгөйлөрдү, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана өз убагында маалымдоо зарылдыгын  талкуулашканын төрага кошумчалады.

Ал эми бул документке кол коюшкан банктардын өкүлдөрү Программаны ишке ашырууга катышуу алар үчүн дагы маанилүү экенин, рынокто бул продукттун өтүмдүүлүгүнүн камсыз болушу кызыктар тараптардын өзара кызматташуусунан өтө көз карандылыгын баса белгилеп кетишти. Ошондой эле, алар турак жайга муктаж жарандардын  маселелерин чечүүгө болгон күч аракеттерин жумшай тургандыктарын кошумчалап кетишти.

МИКтин шарттарына ылайык, ипотекалык насыяларды  буга чейин республиканын 9 коммерциялык банкынан алууга  мүмкүн болгон: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Компаньон банкы» ЖАК, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Capital Bank» ААК, «БТА Банк» ЖАК, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"  ЖАК, "Бай-Түшүм" Банкы ЖАК.

2016-жылдын 27-октябрына карата абал боюнча  коммерциялык банктар аркылуу берилген ипотекалык насыялар тууралуу маалымат:

 

// // //