ПРЕСС-РЕЛИЗ

19 Октября 2016

 "МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯ” ААК

2016-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри  Гүлмира Кудайбердиеванын жетекчилиги астында Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКнун Башкармасынын төрагасы  Шамкеев Бактыбек азыркы учурда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча 384 адам ипотекалык насыя алып, ал 424 миллион сомдон ашык сумманы түзгөнү тууралуу маалымат берди.  Андан тышкары, «Жеке турак жайды куруу» модели боюнча насыялар Чүй, Ысык-Көл, Баткен жана  Талас областтарында берилди.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасына орчундуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги тууралуу белгиленди.  Кыргызстанда турак жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында, Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү менен катар эле, ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  буйругу кабыл алынган. Натыйжада,  ипотекалык насыя боюнча пайыздык чендердин төмөндөөсү алгачкы төлөмгө байланыштуу жылдык 12-14%дан  10%-12%га чейин белгиленди. Алгачкы төлөм катары өздүк салымы болбой калган учурда кошумча күрөө коюу мүмкүнчүлүгү берилүүдө, ал эми  ипотекалык насыя боюнча сатылып алына трурган  турак жайга карата талаптарда көп батирлүү үйлөрдөгү батирлердин  жалпы аянты  80 чарчы метрге чейинки өлчөмдө белгиленди.  Ипотекалык насыяларды буга  чейин алышкан катышуучулар үчүн  пайыздык чендер кабыл алынган жаңы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кайрадан каралып чыгат.

Азыркы учурда МИК  өзүнүн  Өнүгүүнүн стратегиялык планын  иштеп чыкты, ага ылайык  МИКти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу  багыттары, максаттуу көрсөткүчтөрү жана аларга жетүүнүн жолдору  белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата МИК тарабынан өлкөнүн  аймактарында жайгашкан  шаарларда  эконом-класс үлгүсүндөгү көп батирлүү турак жайларды кура баштоо боюнча иш-чаралар планы даярдалган. Ошондой эле “Турак жайды оңдоп түзөөгө насыя” жана “Ссуда-аманат кассалары”  механизмдерин ишке киргизүү  пландаштырылууда.   

Ведомстволор аралык комиссиянын  мүчөлөрү тарабынан “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларынын мурда бекитилген тизмелеринин колдонуу мөөнөтүн 12 айга чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Отурумдун ишинин жыйынтыгында  калк арасында  турак жайга жеткиликтүүлүктү  жогорулатуу максатында,  кабыл алынган өзгөртүүлөр тууралуу  маалыматтык- түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүүнү колго алуу зарылдыгы белгиленди.

 

 

 

// // //