“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев Кыргызстандын жарандарын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31 Августа 2016

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун атынан чын дилимден куттуктаймын!

 Кыргызстандын дүйнөлүк аренада  Көзкарандысыз мамлекет катары экономикалык-саясый чечимдерди өзалдынча кабыл алышы –  Кыргызстандын ар бир жараны, жалпы эли үчүн баа жеткис байлык, зор жетишкендик жана чоң жоопкерчилик!

Кыргызстандын суверендүүлүгү, мындан ары да  социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүшү  ар бирибиздин таза эмгегибизге, руханий-маданий жактан алдыга умтулуубузга жана мекенчил ыйык сезимибиздин бийик болушуна байланыштуу!

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай,  молчулук, биримдик каалаймын!

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев

 

// // //