“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун (ААК) өнөктөш банктар менен кызматташуусу кеңейүүдө

12 Августа 2016

2016-жылдын 12-августунда “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКнун Башкармалыгынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"  ЖАК Башкы менеджери Лютфуллах Шевки Сарылар жана "Бай-Түшүм" Банкы ЖАКтын Башкармалыгынын төрагасы Шамшиева Гүлнара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015 -2020” программасынын чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге кол коюшту.

“МИК” ААКнын өнөктөш банктар менен ишти алдыга жылдыруусу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015 2020” программасынын катышуучулары үчүн ипотекалык насыяларды алууда түзүлгөн ынгайлуу шарттардын бири болуп саналат.

Буга чейин  “МИК” ААКнын шарттарына ылайык ипотекалык насыялар биздин республикадагы жети коммерциялык банк аркылуу берилип жаткан, алар: «РСК Банк», «Айыл Банк», «Банк Компаньон», «КБ Кыргызстан», «Азия Банкы», «Борбордук Азиядагы Capital Bank», «БТА Банк».

 

 

 

 

// // //