0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Новости

Новости

Балыкчы шаарында 3700 батирден турган ипотекалык турак жайдын пайдубалына мезгил капсуласы салынды

Дата публикации: 21 июля 2025 г.

2025-жылдын 20-июлунда Балыкчы шаарында 3700 батирден турган ири ипотекалык турак жай комплекси курулуп баштады. Мезгил капсуласын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев салды.

Жаңы комплекс 12 кабаттуу, заманбап талаптарга жооп берген көп кабаттуу үйлөрдөн турат. Бул ири долбоор миңдеген үй-бүлөлөрдү сапаттуу жана жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого багытталган.

Бул долбоор — Президент Садыр Жапаров жетектеген социалдык саясаттын маанилүү бөлүгү. Мамлекет башчысы турак жай маселесин башкы приоритет катары карап, элдин жашоо сапатын жакшыртуу үчүн системалуу түрдө иштерди улантууда.

Долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу ишке ашырылып, жарандарга узак мөөнөттүү, ыңгайлуу шарттар менен турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бул — социалдык адилеттүүлүккө жана үй-бүлөлүк туруктуулукка багытталган ишенимдүү кадам.https://www.instagram.com/reel/DMWnG-WyBRd/?igsh=b3c4bzZreW1wdThs