Новости
Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Маликов 91 дарегинде 476 жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды
Дата публикации: 16 апреля 2025 г.

Бүгүн, 16-апрелде, Бишкек шаарында Маликов көчөсү, 91-дарегинде жайгашкан «Мурас» турак жай комплексинин 1-этабынын экинчи фазасынын батирлери тургундарга расмий түрдө тапшырылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзү катышты.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, бул жолу жарандарга:
• 204 бир бөлмөлүү,
• 102 эки бөлмөлүү,
• 170 үч бөлмөлүү батир берилди.
Жалпысынан 476 батир ээлерине өткөрүлүп берилди. Бул ири иш-чара көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн чоң кубаныч тартуулады.