Новости
Кант шаарында жаңы турак жай комплекси курулууда
Дата публикации: 14 февраля 2025 г.

Кант шаарында жаңы турак жай комплекси курулууда
14-февраль күнү Кант шаарында жаңы заманбап турак жай комплекси үчүн мезгил кутучасы салынды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев жана МИКтин төрагасы Темиркул Балтабаев катышып, курулуштун жүрүшү боюнча маалымат беришти.
Турак жай комплекси төмөнкүдөй болот:
5 кабаттуу 72 блок – жалпысынан 2 160 батир
* 1 бөлмөлүү – 432
* 2 бөлмөлүү – 1 296
* 3 бөлмөлүү – 432
Курулуштун жалпы аянты: 27,8 га
Бул батирлер мамлекеттик турак жай кезегинде турган жарандарга жана үлүштүк курулуш программасына катышкандарга берилет.