0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Новости

Новости

"Көчмөн сити" турак жай комплексинин курулуш иши старт алды

Дата публикации: 10 февраля 2025 г.

"КӨЧМӨН СИТИ" ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИ 
Бүгүн 10-февралда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "КӨЧМӨН СИТИ" ТУРАК ЖАЙ комплексинин мезгил кутучасын салды. Иш-чарага Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Чүй облусунда «Көчмөн Сити» турак жай комплексинин курулушу башталды.

Мамлекеттик ипотекалык компания Чүй облусундагы ири турак жай долбоорлорунун бири болгон «Көчмөн Сити» турак жай комплексинин курулушун баштады. Жалпы 20 гектар аянтты камтыган бул заманбап комплекс 86 көп кабаттуу блоктон туруп, бардык курулуш иштери улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.

«Көчмөн Сити» жашоочулар үчүн бардык шарттары каралган ыңгайлуу комплекс болот. Аймакта 3 мектеп, 4 бала бакча, жашыл эс алуу зоналары жана 3 унаа токтотуучу жай курулат. Ошондой эле ар бир блокто коммерциялык жайлар каралган.

Курулуш иштери эки баскыч менен жүрөт:

✅ Биринчи этап – 27 блок, анда:
    •    1 бөлмөлүү – 943 батир
    •    2 бөлмөлүү – 1840 батир
    •    3 бөлмөлүү – 322 батир
    •    Аппартаменттер – 52
    •    Жалпы аянты: 333 450 чарчы метр

✅ Экинчи этап – 59 блок, анда:
    •    1 бөлмөлүү – 1425 батир
    •    2 бөлмөлүү – 3876 батир
    •    3 бөлмөлүү – 304 батир
    •    Аппартаменттер – 236
    •    Жалпы аянты: 616 796,62 чарчы метр

Турак жай комплекси 86 блоктон туруп, анын 27си 24 кабаттуу, ал эми 59у 20 кабаттуу болуп курулат. Туруктуу жылуулук жана электр менен камсыздоо үчүн өзүнүн отканасы жана көмөкчордону курулат.

«Көчмөн Сити» турак жай комплексиндеги батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу:
    •    Кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге,
    •    50% үлүш кошуу шарты менен жарандарга жеңилдетилген шартта сунушталат.

жана атайын квота менен Чүй облусунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарына берилмекчи.

Ошондой эле, бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы өкүлчүлүгүн ачты. Жаңы кеңседе 10го жакын кызматкер иштеп, күн сайын 200гө чейин жаранга кызмат көрсөтө алат.