0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Новости

Новости

Президенттин катышуусунда Мамлекеттик ипотекалык компания салган Скрябин көчөсүндөгү 549 батир өз ээлерине тапшырылды

Дата публикации: 16 декабря 2024 г.

Бүгүн 16-декабрда Президент Садыр Жапаров Бишкектин Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин тапшырды

Скрябин көчөсүндө курулган турак жай жети блоктон турат. Ар бири 15 кабаттуу, жалпы 549 батир курулду. Алар социалдык багытта иштеген кызматкерлерге жана 50% үлүш кошуу шарты менен алгандарга берилди.

Эске салсак, батирлер төмөнкү категориялар боюнча берилет:

  • Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталган кезектеги жарандар;
  • Мигранттарды да камтыган жарандар, алгачкы 50% төлөө шартында үлүштүү ипотека негизинде;
  • Биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча:

Министрлер кабинетинин чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарга артыкчылык берилген, бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер.