Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү 2004-жылдан баштап, 9-декабрда жыл сайын белгиленет.

09 Декабря 2019

     Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү 2004-жылдан баштап, 9-декабрда жыл сайын белгиленет. Эл аралык коррупция менен күрөшүү күндүн максаты- коомдо  коррупцияны терең түшүнүү жана коррупцияга жол бербөө,ошондой эле  Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын макулдашуунун ролун түшүнүү, ал конвенция коррупция менен күрөшүү жана алдын алуу  максатында 58/4 номери менен  2003-жылдын 31 октябрдын   резолюция катары кабыл алынган.  Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы ассамблеясы   аркылуу 2003 жылдын 21 ноябрында жарыяланган.  2003-жылдын 9 декабрында саясий жогорку даражалуу жыйынында Мерида Мексиканын шаарында БУУнун Жемкорлукка каршы Макулдашууга кол коюлган. Бул документке ылайык, өлкөлөр бири-бирине коррупциянын натыйжасында алынган каражаттарды кайтарууга милдеттенишет.

                                                                                              

Кыргызстанда ушул күнү кандай иш-чаралар өткөрүлөт:

  • ·Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) тарабынан Бишкек шаарындагы “Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ)” программалык кеңсесинин жардамы менен 2019-жылдын 29-ноябрында, Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө арналган “Коррупцияга каршы күрөшүүдө бизнес-коомдоштуктун ролу” деген тегерек стол өткөрүлдү. егерек столдун-максаты бул ишкерлердин көптөгөн көйгөйлүү маселелерин талкуулоо жана  ишкерлер менен натыйжалуу маектешүү жана ЭККМКнын аткарылган иши жөнүндө, анын ичинде  республиканын укук коргоо органдарынын бардык системасын реформалоо боюнча ЭККМКдагы реформалардын жүрүшү жөнүндө отчет берүү.
  • 2019 жылдын  9 декабрында "МИК" ААК-ун  кызматкерлери эл аралык коррупцияга менен  күрөшүү күнүнө туш келген тренингине катышууда. 2019-жылдын 20-майында Директорлор Кеңешинин чечими менен "Коррупцияга каршы саясат" кабыл алынган , андан ары жумушчу топ түзүлүп , ачык "Ишеним Линиясы" ишке киргизилди, ошондой эле Нормативдик  документтер жана коррупцияга каршы иш-чаралар иштелип чыкты.